Кытай темир жолдун курулушун күтпөй эле КР аркылуу Өзбекстанга биринчи жүк поездин жөнөттү

Кытай темир жолдун курулушун күтпөй эле КР аркылуу Өзбекстанга биринчи жүк поездин жөнөттү

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан транспорт коридору менен алгачкы жүк поезддери жолго чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи поезд Кытайдын Ланчжоу станциясынан 9-июнда жөнөп кеткен. Ал Ташкентке 15 күндө жетет. Поезд эл керектеечу товарларды ташып жатат.

« Zhejiang Union of Railway Logistics компаниясы «Өзбекстан Темир-Юллари» жана «Кыргыз темир жолу» менен биргеликте Ланчжоу станциясынан Ташкентке 30 контейнерден турган блоктук поездди жөнөттү», - деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Кыргызстандын аймагында жүк поездден автотранспортко жүктөлөт, анткени КРнын аймагына пландаштырылган темир жол транспорт коридорунун бир бөлүгү курула элек.

Мындан тышкары окуңуз

Лебединовка-ГЭС 5 жолунун бир багыттуу тилкеси асфальтталды

Лебединовка-ГЭС 5 жолунун бир багыттуу тилкеси асфальтталды

Лебединовка-ГЭС 5 жолунун 4,4 чакырымынын бир тараптуу тилкесине асфальт төшөлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкен. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилген. Ошондой эле долбоордо каралган тротуар куруу, жарыктандыруу жана чоң көпүрөнү оңдоо иштери да бүткөрүлөт. Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү

ЖККУ аймагында 2025-жылы 8 тонна баңгизат кармалган

ЖККУ аймагында 2025-жылы 8 тонна баңгизат кармалган

ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУ катышуучуларынын – өлкө башчыларынын саммитинен кийин өткөн пресс-конференцияда уюмдун ишинин жыйынтыгы боюнча айтып берди. Ал ЖККУнун 3 жылдык ишиндеги маанилүү жетишкендиктерди бөлүп көрсөттү.  Жамааттык күчтөрдүн жеке курамынын саны 1,8 эсеге өсүп, 30 миң адамга жеткен жана авиациялык топ күчтөнгөн.  2025-жылы антинаркотикалык “Канал” операциясынын жүрүшүндө

Кара-Кулжада 150 млн сомго коомдук-маданий борбор курулуп жатат

Кара-Кулжада 150 млн сомго коомдук-маданий борбор курулуп жатат

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы коомдук маданий борбордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Каржылоо КРнын Турукташтыруу фондунан жүргүзүлүп, 150 млн сом каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш иштери 2025-жылдын 7-июлунда башталып, учурда ички жасалгалоо, фасаддын сыртындагы жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аймактын жалпы аянты – 3986,97 чарчы метр.  Долбоорго

Бишкекте 26-ноябрда 25,3° сельсияга жетип, рекорддук жылуу чегине жетти

Бишкекте 26-ноябрда 25,3° сельсияга жетип, рекорддук жылуу чегине жетти

Быйыл Кыргызстанда ноябрь айы жылуу өттү. Айдын экинчи жарымында бардык аймактарда аба ырайы көп жылдык орточо көрсөткүчтөрдөн 4-7° сельсияга жогору болгонун Кыргызгидромет кызматы маалымдады. Бишкек шаарында 25-26-ноябрь күндөрү аба ырайы аномалдуу жогору болуп, 25-ноябрдагы максималдуу температура 20,2°С түзгөн. Буга чейин ноябрь айындагы мындай жогорку температура 1936-жылы катталып, ал