Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн ишкерлер салыктан бошотулду – Салык кызматы

Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн ишкерлер салыктан бошотулду – Салык кызматы

Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн ишкерлер салыктан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти.

Такталгандай, минкабдын 2023-жылдын 29-майындагы токтому менен жеке ишкер катары иш жүргүзгөн жеке жактар турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу экендиги белгиленген.

«Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат. Мындай ишкерлер Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчетту тапшыруудан бошотулган. Жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат», - деп кызмат түшүндүрдү.

Алар ошондой эле киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда, алар жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Мындан тышкары, жогоруда аталган токтом менен жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги иштин түрлөрү жаңы иштин түрү менен толукталды.

Эми мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерге кызмат көрсөткөн жеке жактар (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштешет.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media