Минкаб Оштогу мектептердин курулушун текшерди

Минкаб Оштогу мектептердин курулушун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында жалпы орто билим берүү мектептеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө алгач Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 225 орундуу Ы. Насыров атындагы № 20 мектептин курулуш иштери менен таанышты.

Андан соң Ош шаарынын Урицкий көчөсүндө жайгашкан 720 орундуу И. Раззаков атындагы № 20 мектеп-гимназиясынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев мамлекет агартуу тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, жергиликтүү бийликтин жана курулуш ишин жүргүзгөн компаниялардын жетекчилерине курулуштун сапаттуу жүргүзүлүшүн дыкат көзөмөлгө алууну жана жалпы орто билим берүү мектептерин өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды