Жыл башынан бери «Кыргыз жылуулук энерго» 70%га каржыланды

Жыл башынан бери «Кыргыз жылуулук энерго» 70%га каржыланды

2023-жылга республикалык бюджеттен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого «Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» беренеси боюнча 1.6 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргыз жылуулук энерго» ишканаларынын жылуулук менен камсыздоодо жоготуулдын ордун толтуруу үчүн каралган. 2023-жылдын 15-июнуна карата 1.1 млрд сом суммасында чыгашалар каржыланып, бекитилген каражаттын 70.5%ын түздү.

Алсак, 2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасына 760 млн сом бөлүнгөн болсо, быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 347 млн сомго көп каржыланды.

Бюджеттик мыйзамдарга ылайык которулган каражаттарды андан ары бөлүштүрүү «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишкансына жүктөлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун