"Унаа" МИ жүк ташуучу унааларды алып келүүгө жасалма бажы документтерди берип жүргөн — УКМК

"Унаа" МИ жүк ташуучу унааларды алып келүүгө жасалма бажы документтерди берип жүргөн — УКМК

УКМК Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажыдан өткөрүү боюнча коррупциялык схемалар болгонун аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК  "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

"Унаа" МИ аймактар аралык секторунун кызматкерлери материалдык кызыкчылыктарды көздөп, Кыргызстан жана Казакстандын айрым бир жарандары менен мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян алып келген кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жасалма бажы документтерин берүү менен импорттук жана бажылык тариздөө боюнча мыйзамсыз канал түзүшкөн.

Тактап айтканда, ИИМге караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери тарабынан Казакстандын Мамлекеттик бажы декларациясынын негизинде 2009-жылы чыгарылган "Вольво ФН480" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа катталган.

Улуттук банктын курсу боюнча ЕАЭБ бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген 16 миң АКШ доллардын, же болбосо 1 млн 400 сомдун ордуна бажы алымынын суммасы 1 230 АКШ долларын (105 850 сом) түзгөн.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын январынан майына чейинки мезгилде эле аталган коррупциялык схема менен Кыргызстандын аймагына 300дөн ашык жүк ташуучу унаалар алынып келип, каттоодон өткөн. Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын, кызмат адамдарынын катышуусун, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media