Кыргызстан ЕАЭБден 2024-жылга чочко этин импорттоого аз квота алды – суроо-талап жок

Кыргызстан ЕАЭБден 2024-жылга чочко этин импорттоого аз квота алды – суроо-талап жок

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кыргызстанга 2024-жылга чейин 2 миң тонна чочко этин импорттоого квота бекитти. Бул мурдагыга караганда бир аз төмөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн 2024-жылга этти жана сүт сары суусун импорттоого тарифтик квоталарды белгиледи. Армения менен Кыргызстандан башка бардык өлкөлөр үчүн квота былтыркы жылдын деңгээлинде калды.

Алсак, Кыргызстан үчүн уй этине квота 5 миң тоннаны, чочко этине 2 миң тоннаны, канаттуулардын этине 58 миң тоннаны түздү. Белгилей кетсек, учурдагы чочко этине квота 3 миң тоннаны түзөт.

ЕЭК Кыргызстан этти импорттоого квотаны өтүнүч боюнча белгилей турганын белгиледи. КР өкмөтү өлкөгө чочко этине азыраак муктаж деп эсептейт.

Economist.kg басылмасы Айыл чарба министрлигинен чочко этин алып келүүгө квоталардын кыскарышына эмне себеп болгонун сураганда Азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгы Кыргызстанда эттин бул түрүнө суроо-талаптын жоктугунан улам болгонун  билдирди.

Кыргызстанда 2.1 млн ашык ири мүйүздүү мал бар
2023-жылдын 31-майына республика боюнча «ЖИКС» маалыматтык тутумунда 2 млн 133 миң баш ири мүйүздүү мал бар. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 2023 – жылдын 31-майына малдардын төлдөрү идентификациядан өтүп, 285.7 миң баш ири мүйүздүү мал жана 1 647 баш чочко «ЖИКС»…

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media