Бишкекте "Бакай Банктын" алгачкы жашыл филиалы ачылды

Бишкекте "Бакай Банктын" алгачкы жашыл филиалы ачылды

Бүгүнкү күндө экологияга кам көрүү – бул экологдор жана активисттер эле эмес, ири бизнес дагы көңүл буруп чече турган маанилүү маселе болуп калды. "Бакай Банк" финансылык ишмердикти, жашыл экономиканы жана климаттык саясатты эриш-аркак алып барса болоруна өз иши менен үлгү көрсөттү.

Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектиси 243 дарегинде Bakai Bank Green алгачкы жашыл кеңсеси ачылды.

Компаниянын жетекчилигинин айтуусунда, бул уникалдуу филиалдын орду кокусунан эле тандалып алынган жок. Филиал “Ынтымак” сейил багынын жанынан орун алган. Мунун өзү борбор калаабыздын жашыл аймактарын коргоо өтө маанилүү экендигин айгинелеп турат.

Филиалдын ачылыш аземинде алгачкы сөз Кыргызстандын Банктар союзунун президенти, 25 жыл мурда “Бакай Банктын” жаралуу тарыхына күбө болгон Анвар Абдраевге берилди.

“Банк өлкөбүздүн рыногуна дымактуу максат коюп, ишенимдүү кадам менен кирген болчу. Ошол замат эле көптөгөн көрсөтүчтөр боюнча лидерлердин бири болуп калды. Жашыл филиалдын ачылышы бүгүнкү күнү эле жүзөгө ашып калган иш эмес, бул иш 25 жыл мурда башталган болчу. Бүгүн болсо бул окуя Бакай Банктын өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу жана жемиштүү ишмердигинин кезектеги этабы болуп калды”, -  деди өз сөзүндө Анвар Абдраев.

Климатты сактоо аң сезими жана иш алып баруунун туруктуулугу олуттуу мааниге ээ болуп бара жаткан заманда Банк алдыга карай чечкиндүү кадам жасады.

Курчап турган чөйрөгө келтирилчү зыянды азайтуу принциптери филиалдын ишинин өзөгүн түзөт:

●     жарыктандырууда, жылытууда жана муздатууда энергиялык жактан натыйжалуу системаларды колдонуунун натыйжасында көмүр кычкыл газынын жана парниктик газдардын чыгышын азайтуу;

●     кеңсе кагаздарын кайра иштетилген сырьедон жасалган кагаздарга же Токой камкордук көрүү кеңешинин схемасы боюнча сертификацияланган кагаздарга алмаштыруу;

●     таштандыны түрүнө жараша өзүнчө бөлүп таштоо, аны алып чыгуу жана андан аркы кайра иштетүү маданиятын киргизүү;

●     курмында хлор жана фосфат камтылган, тиричиликте колдонулуучу химияны пайдалануудан баш тартуу;

●     пластик идиштерди нымга туруктуу картондон жасалган идиштерге алмаштыруу;

●     пластик баштыктардан баш тартып, экологиялык таза баштыктарды пайдалануу;

●     кызматтык унаа катары электромобилди колдонуу.

“Бакай Банк” өлкөбүздө экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча демилгени биринчи жылы эле колдоп жаткан жери жок. Буга чейин жасалып бүткөн иштер тууралуу Банктын башкармасынын төрайымынын орун басары Нурдин Алыбаев айтып берди.

«Биз таксопарктар үчүн электромобилдерди сатып алууну каржыладык. «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен ийгиликтүү кызматташып келебиз. «Бир кызматкер – бир дарак» принцибин негизге алып, өлкөбүздүн бардык аймактарында бак отургузууну демилгеледик. Банк газ менен иштөөчү жылыткычтарды бөлүп төлөө шарты менен пайызы жок сатып алуу мүмкүндүгүн сунуштайт, мунун өзү Бишкек шаарында түтүн маселесин чечүүдө зор мааниге ээ. Жашыл филиалдын ачылып жаткандыгына сыймыктанып тургандыгыбызды жашырбайм. Жамаатыбыз өлкөбүздөгү экологиялык абалын жакшыртуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы», - деди Банктын Башкармасынын Төрайымынын орун басары Нурдин Алыбаев.

"Бакай Банк" өлкөбүздүн алдыңкы финансылык мекемеси катары “экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатты” киргизген, ошондой эле кардарларга туруктуу жана экологиялык жооптуу ишканаларга инвестициялоого мүмкүндүк берүүчү инновациялык финансылык продуктуларды алгачкылардан болуп киргизген. Ал продуктуларга электромобилдерди сатып алууга берилчү кредиттер, социалдык жактан маанилүү ишканаларды колдоо максатында бизнес үчүн  энергиялык жактан натыйжалуу деп саналган жана ресурстарды үнөмдөй турган чечимдер кирет.

“Банктын экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруп, көптөгөн аракеттерди жасап жаткандыгы жагымдуу көрүнүш. Бүгүн биз кеңседе таштандыны түрүнө жараша топтоо жана курчап турган чөйрөгө келтирилчү зыяндарды төмөндөтүү принциптеринин киргизилишине күбө болуп турабыз. Компания биздин ишканабызга акысыз жардам көрсөтүү менен борбор калаабызды таштандыдан арылтуу иштерине олуттуу салымдарын кошуп келет”, – деп белгиледи “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев.

Бүгүн Бишкек шаарыбызда жаңы жашыл кеңсе ачылып жаткандыгына кубанычтамын. Бүткүл дүйнөлүк тенденциялар Кыргызстанда дагы орун алып, биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп бара жаткандыгы өтө зор мааниге ээ. “Бакай Банк” менен биздин ойлорубуз дал келип, жүз пайыз жергиликтүү капиталдан турган ири банктын ушундай заманбап кеңсеси пайда болгондугу жакшы саамай” – деп баса белгиледи Кыргызстандын Альпинисттер федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов.

Банктын жетекчилигинин айтуусунда Green филиалы компаниянын баалуулуктарын тең бөлүшкөн жана экологиялык жактан жооптуу болууга умтулушкан кардарлары үчүн платформа болуп калмакчы.

Green филиалынын ачылышы туруктуулукка карата узак мөөнөттүү умтулуунун алгачкы гана кадамы. Банк коомубуздун экологиялык таза тарапка багыт алуусуна көмөк көрсөтүү үчүн жашыл демилгелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө аракет көрө бермекчи.

Bakai Bank Green филиалына кош келиңиз, бул жерде банк ишмердиги жогорку ыкчамдыкка жана туруктуу өнүгүүгө дал келет.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media