Бишкек курулуш тармагынын өнүгүүсүнө жетишпей калууда — "Бишкек башкы архитектура" коммуникация көйгөйлөрү тууралуу

Бишкек курулуш тармагынын өнүгүүсүнө жетишпей калууда — "Бишкек башкы архитектура" коммуникация көйгөйлөрү тууралуу

Курулуш компаниялары же жеке жактар кандайдыр бир объектини курууда инженердик тармактарга кошуу маселесин өз алдынча чечишет. Бул курулуш тармагынын тез өнүгүшүнө байланыштуу болууда. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектуранын" жетекчисинин орун басары Назгүл Койбагарова Economist.kg сайты уюштурган "Кыргызстандагы курулуш бизнесинин көйгөйлөрү" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин бардык инженердик коммуникациялары 2025-жылга чейин долбоорлонгон, бирок ал ишке ашпай келет. Буга инфраструктураны өнүктүрүү боюнча программалардын жоктугу себеп болгон жана бардык маселелер жекече чечилип келет.

"Инженердик коммуникациялардын көйгөйлөрүн курулуш компаниясы же жеке өзү чечип келишкен. Инженердик тармактар ​​жок болгон күндө да Бишкек башкы архитектуранын коммуникацияга кошулуу мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартууга укугу жок. Шаар курулуш тармагына туруштук бере албай жатат, - деп белгиледи Койбагарова.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Бүгүн Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, аны "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Расмий сапардын алкагында эки

Ишкер Media
Ош шаарында көмүр 6513 сомдон сатылууда

Ош шаарында көмүр 6513 сомдон сатылууда

"Кыргызкөмүр" ААКсынын түштүк филиалы Ош шаарын көмүр менен камсыздоо жана көмүр кампалары менен кызматташуу багытында иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, көмүрдүн баасы 6513 сомду түзөт. Учурда шаардын алты дарегине жалпы 940 тонна көмүр жеткирилген. Тактап айтканда, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Татар айылына

Ишкер Media
Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду

Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын инженердик жактан жабдуу жана тосуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, чек ара тилкесинде жалпы 327,5 чакырым аралыкка тосмо орнотулуп, жүздөгөн чакырым талаа жолдору салынган. Учурда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында

Ишкер Media
Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти

Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, эмгек акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3 %га өскөн. Ал эми минималдык керектөө бюджети 9491 сомду түзгөн. Ошондой эле тогуз

Ишкер Media