Айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды

Айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды

КРнын Министрлер Кабинети транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтомду кабыл алды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгондугу тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды.

Билдирүугө караганда, мындай чечим транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Документке ылайык, лицензияны кайра тариздөөнү, дубликатын берүүнү, токтотуп турууну, кайра жаңылоону, токтотууну жана жокко чыгарууну кошпогондо, 2025-жылдын 20-октябрынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу киргизилди.

Бул көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу (мораторий) мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Тажикстанда эң коррупцияланган мамлекеттик органдар аталды

Тажикстанда эң коррупцияланган мамлекеттик органдар аталды

Тажикстанда эң көп коррупцияланган мамлекеттик органдардын тизмеси жарыяланганын Мамлекеттик финансы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги билдирген. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 245 коррупция жана экономикалык кылмыштар катталган жана бул кылмыштарды 710 адам жасаган. Эң көп кылмыштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган — 183 учур, бул 2024-жылдагы ошол

Коррупцияга каршы күрөштө жаңы мыйзам күчүнө кирди

Коррупцияга каршы күрөштө жаңы мыйзам күчүнө кирди

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 13-февралында парламент тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга кол койду. Документ коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү, алардын алдын алуу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин күчөтүүгө багытталган. Мыйзам Президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик антикоррупциялык стратегиянын практикалык уландысы болуп

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу жабдууларын сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8%дан 3%га чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында жарандарга 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган. Маалыматка ылайык, 2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "СК Эверест Групп" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом