БА жана Индия коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу болду

БА жана Индия коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу болду

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын / улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Бул көп тараптуу формат тынчтыктын жана туруктуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында кеңири аймактык өз ара аракеттенүүнүн уландысы болуп саналат, ошондой эле коопсуздуктун негизги маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтча катары кызмат кылат.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө бул жолугушуу үчүн абалды баалоодогу жана чөлкөмдүк жана улуттук коопсуздуктун абалына болгон чакырыктардын жана коркунучтардын таасиринин даражасындагы окшоштук эң баалуу экенин белгиледи.

Жолугушууда тараптар ишенимдин кеңири жоголушу, санкциялык кысым жана геосаясий атаандаштык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жайлатып жаткандыгын, кызматташтык ар тараптуу мүнөздө болушу керектигин айтышты.  

Мындан тышкары окуңуз

Маала башчыларына маяна чегерүү маселеси көтөрүлдү

Маала башчыларына маяна чегерүү маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарында кварталдык (маала башчысы) кызматкерлерди шайлоо жана аларга айлык белгилөө зарыл экенин шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын “шаарга кошулган жаңы аймактарды өнүктүрүү” маселелерине арналган жыйынында депутат Казыбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, кошулган райондор үчүнчү жылдан бери иштеп жатат. "Мурда шайланган адамдар болгон, бирок алар активист катары иштеп келишкен, айлык

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде мектепти бүтүп жаткан окуучулар акысыз окутуларын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, окуу мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 320 сааттык сабактардан турат. Орто мектептердин 11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынан баштап акысыз окуй баштайт. "Курсанттар 4 айда жакшы окуп, мыкты натыйжа көрсөтсө тест

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин жана Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имаратты куруу, маданий-гуманитардык

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилиги Кырман турак жай массивинин тургундарына жер амнистиясынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тууралуу токтомдорду тапшырды. 70тен ашуун жаран керектүү документтерди алып, көп жылдан бери чечилбей келген жер маселелерин юридикалык жактан тартипке салууга мүмкүнчүлүк алышты. Акимчиликте белгилешкендей, Кырман турак жай массивинин жашоочулары 20 жылдан бери жерге менчик