Баалардын өсүшү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө байкалууда

Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, КРда баалардын өсүшү 0,4 пайыз болуп белгиленди.

2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 пайыз) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (8,0 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,9 пайызга) жогорулашы менен шартталган.