Контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган кампа аныкталды

Контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган кампа аныкталды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүргөн цехти аныкташты.

Аталган кызматтан маалымдагандай, цехти текшерүү учурунда эски үлгүдөгү жана шектүү акциздик маркалар, куюу үчүн бош идиштер, капкактар жана белгилүү алкоголдук продукциялардын этикеткалары табылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул цехте даярдалган продукция жергиликтүү базарларда таратылып, сатылып келген.

Салык кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берет.

Видео материалга шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=1G9eZ6X8dt0

Мындан тышкары окуңуз

Тажикстанда эң коррупцияланган мамлекеттик органдар аталды

Тажикстанда эң коррупцияланган мамлекеттик органдар аталды

Тажикстанда эң көп коррупцияланган мамлекеттик органдардын тизмеси жарыяланганын Мамлекеттик финансы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги билдирген. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 245 коррупция жана экономикалык кылмыштар катталган жана бул кылмыштарды 710 адам жасаган. Эң көп кылмыштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган — 183 учур, бул 2024-жылдагы ошол

Коррупцияга каршы күрөштө жаңы мыйзам күчүнө кирди

Коррупцияга каршы күрөштө жаңы мыйзам күчүнө кирди

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 13-февралында парламент тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга кол койду. Документ коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү, алардын алдын алуу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин күчөтүүгө багытталган. Мыйзам Президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик антикоррупциялык стратегиянын практикалык уландысы болуп

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу жабдууларын сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8%дан 3%га чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында жарандарга 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган. Маалыматка ылайык, 2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "СК Эверест Групп" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом