Салык кызматынын башчысы КМШнын салык кызматынын жетекчилеринин жыйынына катышты

Салык кызматынын башчысы КМШнын салык кызматынын жетекчилеринин жыйынына катышты

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.Шыкмаматов РФнын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 32-отурумуна катышты. Жыйындын жүрушундө катышуучулар көмүскө экономикага каршы күрөшүү, товар агымын көзөмөлдөө системасы аркылуу көзөмөл, салык инспекторунун заманбап шарттардагы ролунун өзгөрүшү, фискалдык органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана заманбап чакырыктарга карата чечимдерди кабыл алуу маселелерин талкуулашты.

 КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.Шыкмаматов өз сөзүндө Кыргызстанда салык инспекторунун ролу өзгөрүп жатканы тууралуу айтып берди.

“Тарыхта салык кызматкери мамлекеттин күч органдарынын өкүлү катары кабыл алынчу. Анын негизги милдети бюджетке кирешелердин түшүүсүн камсыз кылуу болгон, ал эми бул иш көп учурда технологиялар чектелген, салык төлөөчүлөрдүн ишеними төмөн шарттарда аткарылган. Бүгүн биз таптакыр башка доорду — диалогдун жана санариптик чечимдердин доорун көрүп жатабыз”, — деди КРнын Салык кызматынын башчысы.

 Ошондой эле ал, Кыргызстан салык инспекторлорунун жаңы философиясын — коркутууга жана жазалоого эмес, билимге, диалогго жана биргелешкен жоопкерчиликке негизделген жаңы философиясын калыптандырууга жигердүү катышууга ниеттенип жатканын билдирди.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан