7-ноябрь иш күнү болот

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү — мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат.
Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, бул күндөр иш күндөрү болуп эсептелет, бирок бир саатка кыскартылат.
Ал эми 8-ноябрь 6 күндүк иш жумалыгы менен иштегендер үчүн иш күнү болуп саналат.