«Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясы болду

«Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясы болду

Бүгүн, 23-октябрда, Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата КРнын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына катышышты.

Иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана КРнын Президентинин 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда өттү.

Президенттин Администрациясы өлкөнүн бардык жашоочуларын жана Кыргызстандын дүйнө жүзүндөгү досторун тоолорубуздун сакчысынын жана адам менен табияттын ортосундагы гармониянын символунун урматына 23 мүнөттү кыймылга - сейилдөөгө, чуркоого же каалаган башка активдүү аракетке арноого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлек районунда  3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Лейлек районунда 3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу этапта, жакынкы аралыкта айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот. Бүгүнкү күндө таза суу

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

28-февралдан 4-мартка чейин Кыргызстанда Япония делегациясынын иш сапары болуп өттү. Делегацияны Тотиги префектурасынын Кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Кацуми Анзай жетектеди. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунан билдиришти. Сапардын негизги максаты — кредиттик кепилдик системалары боюнча тажрыйба алмашуу жана чакан, орто бизнести колдоо багытында кызматташууну өнүктүрүү. Делегация "Кепилдик

Криптобиржалардын уставдык капиталы 300 млн сомдон жогору болушу керек

Криптобиржалардын уставдык капиталы 300 млн сомдон жогору болушу керек

Бул тууралуу Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 13-мартындагы №112 жарлыгында көрсөтүлгөн. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып виртуалдык активдердин операторлорунун (криптобиржалардын) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 300 миллион сомду (болжол менен 3,4 млн АКШ доллары) түзүшү керек. Учурда иштеп жаткан виртуалдык активдерди соодалоо операторлоруна 2026-жылдын 1-июлуна чейин уставдык капиталын ушул талаптарга ылайык келтирүү

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүп жатат. Азырынча талаа иштери толук баштала элек болсо да, дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Район боюнча дыйкандарга жеңилдетилген шартта 20 миң литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, кошумча 32 миң литр күйүүчү май алуу үчүн