Акча алмаштырууну мыйзамсыз жүргүзгөн жактарга чара колдонулду
КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросуна айып пул салынды.
КРУБ расмий сайтында маалымдалгандай, алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул чегерилген.
Мындан сырткары, Улуттук банктан лицензия албастан, Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын 24 жаранына чара колдонулган.
Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан ар бир мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн жыйырма төрт жаранга тең 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.