Улуттук банктын Башкармасында жаңы дайындоолор
КРнын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Абдыгазиев Санжар Каниметович - Улуттук банктын башкарма мүчөсү болуп дайындалды.

Президенттин дагы бир тескемесинин негизинде. Улуттук банктын башкарма мүчөсү Жамалидинов Улан Тилектешович жеке арызы боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.