Долпран алтын кенинин башкы директору кармалды

Долпран алтын кенинин башкы директору кармалды

Кемин районундагы Долпран алтын кенинин башкы директору, кытай жараны Т.Д. кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта белгиленгендей, Т.Д. жетектеген “Кемин Ресурс Групп” ЖЧКсынын ишинде көптөгөн мыйзам бузуу фактылары катталган. 

Ведомствонун маалыматы боюнча, Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин токой кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия Долпран алтын кенинде төмөндөгүлөрдү аныктаган:

  • 14 миң 398,6 чарчы метр аянттагы жер кыртышын бузуу;
  • техникалык долбоорго шайкеш келбөө;
  • лицензиялык макулдашуулардын шарттардын аткарылбагандыгы;
  • кен кору(запас) боюнча комиссияга такталбаган маалыматтарды берүү;
  • “Кооптуу өнөр жай объектилердин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” мыйзамынын жана Ачык ыкма менен казылуучу пайдалуу кендерди өндүрүүнүн өнөр жай процесстеринин коопсуздук эрежелеринин көптөгөн бузулуулары.   

Экспертизанын бүтүмүнө ылайык аталган алтын кенин иштетүүдө экологияга өтө чоң өлчөмдө зыян келтирилген. Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде алтын кен ишканасынын башкы директору УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкек шаарында интернет байланыш операторлоруна зымдарды кыска мөөнөттө жер алдына көчүрүү талабы коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27- мартта Бишкек мэриясы интернет операторлоруна эки күндүн ичинде байланыш зымдарын жер алдына өткөрүүнү тапшырган. Бул чечим “ачык асман” долбоорунун алкагында кабыл алынган. Аталган долбоор Шанхай кызматташтык уюмунун

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу өнөктүгү 2026-жылдын 31-мартында жыйынтыкталды. Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин мындай күбөлүктөрдү белгиленген тартипте алмаштыруу улантылат. Бул учурда медициналык

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Чектөө жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Ушуга байланыштуу айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы да убактылуу өзгөртүлөт. Шаар тургундары

Нарын облусунда жол куруу иштери күчөтүлдү

Нарын облусунда жол куруу иштери күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, Нарын–Баетов (5–120-чакырым) жана Баетов–Макмал (0–30-чакырым) унаа жолдорундагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда долбоордун алкагында негизги даярдык иштери жүрүп, карьерлерди иштетүү башталды. Бул курулуш материалдары менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт