Климаттык өзгөрүүлөргө карата адаптация Кыргызстанда 20 миң жумушчу орунун түзөт
Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) климаттык өзгөрүүлөргө карата адаптация, айрыкча инфраструктура тармагында, курулуш секторунда 20 миңге жакын жумуш ордун түзүшү мүмкүн экени айтылды.
Энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга, кайра калыбына келүүчү энергияны өнүктүрүүгө жана энергиялык үнөмдүүлүктү арттырууга багытталган декарбонизация(көмүр кычкыл газын азайтуу процесси) айыл чарбасында, курулушта жана жогорку технологиялуу өндүрүштөрдө 20–25 миң жумуш ордун түзө алат. Бул мүмкүнчүлүктөр негизинен квалификациялуу жумушчу күчүн талап кылгандыктан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө атайын колдоо керек болот.
Эгер адаптация чаралары көрүлбөсө, эмгек өндүрүмдүүлүгү жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшү жайлап, өзгөчө аялуу катмарлар көбүрөөк жабыркайт.
CCDRдин эсебинде, маанилүү тармактарды “климаттык коргоого” алуу жылына ИДПнын 0,2%ан азыраак каражатты талап кылат — бул XXI кылымдын ортосуна чейин жалпысынан 1 млрд долларды түзөт. Приоритеттүү чаралардын катарына суу жетишсиздигине каршы күрөшүү, климатка туруктуу айыл чарба маданияттарын жайылтуу, инфраструктураны бекемдөө жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу кирет.
Ландшафттарды калыбына келтирүү сыяктуу табиятка багытталган чечимдер жер көчкүнүн зыянын 26 млн долларга чейин азайтышы мүмкүн.
Отчетто Кыргызстан климаттык коркунучтарга мамлекет менен жеке сектордун биргелешкен аракеттери аркылуу натыйжалуу туруштук бере алаары белгиленет. Адаптация чыгымдары туруктуу мамлекеттик финансынын аркасында макроэкономикалык туруктуулукка зыян келтирбестен мамлекеттик булактардан каржыланышы керек деп айтылат.