Кыргызстан Пакистандан суук мезгилдерде электр энергиясын алат

Кыргызстан Пакистандан суук мезгилдерде электр энергиясын алат

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев именен Пакистандын энергетика министри Сардар Авайс Ахмед Хан Легари электр энергиясын алыш-бериш тууралуу меморандумга кол коюшту. Меморандум 4-декабрда, президент Садыр Жапаровдун Пакистанга сапары алкагында түзүлгөн.

Тараптар CASA-1000 долбоору боюнча кызматташтыкты арттырууну жана электр энергиясын сезондук алмашууну бекитишти. Ага ылайык, Кыргызстан жайында гидроэнергиянын ашыкчасын Пакистанга сатат, кышында электр энергиясы таңсык болгон кезде кайтарып алат.


Мекемелер кайра толукталуучу энергия булактарын биргелешип өнүктүрүүнү жана бул тармакта өнөктөш долбоорлорду иштеп чыгууну макулдашты.

Кыргызстандын президентинин Пакистанга соңку расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Бишкекке сентябрда келген жана ШКУга мүчө мамлекет лидерлеринин саммитине катышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Гонконгдо  негиздөөчүлөрдүн бири  кыргызстандык болгон – ресторан ачылды

Гонконгдо негиздөөчүлөрдүн бири кыргызстандык болгон – ресторан ачылды

Декабрдын башында Гонконгдо Yurt аттуу ресторан ишке кирди. Анын негиздөөчүлөрүнүн командасы Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан өкүлдөрүнөн турат. Бул тууралуу казакстандык Kursiv.media порталы билдирди. Ресторандын башкы тамагы — бешбармак. Кулинарлардын айтымында, Yurt дегустациялык менюну да, негизги менюдан түрдүү тамактарды да сунуштап, Гонконг шаарын Борбор Азиянын көп кырдуу даамдары менен тааныштырат.

Эски автовокзал айланасындагы курулуштар алынат

Эски автовокзал айланасындагы курулуштар алынат

Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы убактылуу курулуштарды алып салууну улантып, Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу мэриянын комиссиясынын чечими менен убактылуу курулуштар бузулуп жатканын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. "Жалпы 6 капитальный объект демонтаждалып, натыйжада 700 чарчы метр муниципалдык жер бошотулат. Бул аймакты жашылдандыруу

Социалдык пенсия көлөмү 5 жылда 2 эсеге өстү

Социалдык пенсия көлөмү 5 жылда 2 эсеге өстү

2020–2024-жылдар аралыгында аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие боюнча дайындалган айлык жөлөк пулдун өлчөмү 1,6 эсеге, ал эми социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 2,1 эсеге өсүп, 2024-жылдын аягына карата бир алуучуга 6324,5 сомдон туура келгенин Улуттук статистика комитети "Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли 2020–

Өзбекстан "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет

Өзбекстан "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет

Өзбекстан келерки жылдан тарта "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришерин президент Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан "Туруктуу энергетика – Жаңы Өзбекстан келечегине ишенимдүү кадам" аттуу эл аралык конференцияда айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирген. Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн энергия өндүрүү кубаттуулугу кыйла арткандыктан, Өзбекстан кошуна