Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет
Кыргызстандагы климаты катаал, тоо арасында жайгашкан Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнүн 95%ы да бүткөн.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.