Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны өткөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи чейрегинде баштала турганы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда жана уюмдун практикалык ишин баштоодо маанилүү этап болуп саналат.

Жыйында катышуучулар фонддун практикалык ишмердүүлүгүн баштоонун тартибин аныктаган, даярдык этаптын аяктоосун камсыздаган негизги уюштуруучулук, каржылык жана нормативдик документтерди талкуулашты.

Фонддун толук кандуу иштей башташы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана катышуучу мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн стимулдаштырууга олуттуу шарт түзөт.

Жыйындын жыйынтыгында мындан аркы кызматташууну чыңдоого жана түрк аймагында узак мөөнөттүү өсүү менен интеграция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт алуу дагы бир жолу тастыкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкекте мыйзамсыз жайгашкан пиццерия демонтаждалууда

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук пиццерия тамактануучу жайы демонтаждалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен  кат жөнөтүлгөн. Натыйжада объекттин

Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды

Урматбек Шамыркановдун кызматтан алынуусунун себеби айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов министрдин орун басары болуп иштеп турган учурда пара алууга шектелгенине байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровго министрликтин кызматкерлеринин бири арыз менен кайрылып, кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында акча талап кылынганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чыныбаев Канатбек Койчубекович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды. Ошондой эле Канатбек Чыныбаевдин талапкерлиги өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизилет.

Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов

Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов

Кыргызстанда акыркы жылдарда мамлекеттин, эл аралык уюмдардын көмөгү менен сапаттуу, мол түшүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө өткөндөр көбөйдү.   20 жылдан ашык дыйканчылык менен алектенип,  2023-жылдан тарта голландиялык картошканын түшүмдүү, сапаттуу супер элита сортун айдап, гектарынан 45 тоннадан үрөндүк элита сортун өндүрүп жаткан фермер, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Алтынбек Айбашов