Баткенде япон технологиясы менен 10 продукция чыга баштады

Баткенде япон технологиясы менен 10 продукция чыга баштады

Баткенде "Бир айыл -бир продукт" долбоорунун алкагында япон технологиясы менен дагы 10 продукция чыгарыла баштаганын Президенттин облустагы өкүлчүлүгү "Кабарга" билдирген.

Аталган продукциялар улуттук экономикалык долбоордун алкагында бренд-комитеттин тандоосунан өткөн. Алар:

  • кызылча нектары;
  • өрүк гүлү чайы;
  • кургатылган өрүк данеги менен;
  • малина концентраты;
  • алма нектары;
  • жаңгак жана кургатылган жемиштер;
  • ит мурун упасы;
  • өрүк данектеринен скраб;
  • өрүк мармелад;
  • өрүк бал менен.
"Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоору Баткен облусунда 2018-жылдан бери өз ишин жүргүзүп келет. Бул аралыкта 45 продукция иштелип чыгып, алардын 29у бренд деген статуска ээ болуп, сертификаттар тапшырылган. Бүгүнкү күндө бренд статусундагы продукциялар республиканын аймагында сатыкка чыгарылып жатат.

Андан сырткары, бул продукциялардын ичинен "Нукура" конфети жана "Алыш-Дан" айыл чарба кооперативинин кургатылган өрүгү Россияга экспорттолуп жатат.

Белгилей кетсек, Баткен облусу 2024-жылдын жыйынтыгын менен Бишкекте өткөн "Мыкты улуттук бренд" сынагында жеңүүчү деп табылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом

Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" берген маегинде ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы 2022-жылдын апрелинен берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Интерфакс кабарлайт. Маалыматка караганда, алюминийдин баасы биринчи жолу 2,8%га көтөрүлүп, 3544 долларды түздү. Акыркы жумада алюминий баалары дээрлик 10%га көтөрүлүп, үч жылдагы рекорддук өсүштү белгиледи, бул дүйнөлүк алюминий өндүрүшүнүн болжол менен 9%ын түзгөн Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүнүн үзгүлтүккө

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган