Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында МБКнын Төрагасы А.А. Салиевдин жетекчилиги астында KOICA жана CUPIA агенттигинин делегациясы менен бажы иши чөйрөсүндө актуалдуу маселелерди жана өнүктүрүү преспективаларын талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.  Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул иш-чаранын максаты - Кыргыз бажысынын институционалдык дараметин модернизациялоо жана чыңдоо боюнча долбоорун иштеп чыгуу болуп саналат.

Делегация менен кийинки жолугушууларда учурдагы жол-жоболорду жана IT-системаларын баалоого, инфраструктураны модернизациялоого жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоордун стратегиялык багыттарын талкуулоо күтүлүүдө.

Кызматташуунун натыйжасында бажы технологияларын өнүктүрүүнү, сооданы жеңилдетүүнү жана заманбап эл аралык көзөмөлдөө практикасын ишке ашырууну камтыган Кыргыз Республикасынын Бажы кызматын модернизациялоо боюнча башкы планы иштелип чыкмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом

Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" берген маегинде ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы жогорулап тоннасы 3544 долларга чыкты

Алюминий баасы 2022-жылдын апрелинен берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Интерфакс кабарлайт. Маалыматка караганда, алюминийдин баасы биринчи жолу 2,8%га көтөрүлүп, 3544 долларды түздү. Акыркы жумада алюминий баалары дээрлик 10%га көтөрүлүп, үч жылдагы рекорддук өсүштү белгиледи, бул дүйнөлүк алюминий өндүрүшүнүн болжол менен 9%ын түзгөн Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүнүн үзгүлтүккө

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган