“Дивиденд” кредиттик союзунун лицензиясы жокко чыгарылды
Катышуучулардын 2025-жылдын 17-декабрында болуп өткөн кезексиз жалпы жыйынында өз ыктыяры менен жоюлуу чечими кабыл алынгандыгына байланыштуу, «Дивиденд» Кредиттик союзу» Финансы кооперативинин лицензиясы 2025-жылдын 23-декабрынан тартып жокко чыгарылды.
Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, аталган кооператив Баткен областынын Лейлек районундагы Раззаков шаарында орун алган.
2025-жылдын 23-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын реестринде мындан сырткары 71 кредиттик союз бар.