К.Ташиев угуусу начар балдардын жатак-мектебине 1 млн сомдук колдоо көрсөттү

К.Ташиев угуусу начар балдардын жатак-мектебине 1 млн сомдук колдоо көрсөттү

Жаңы жылды утурлай Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектепке барды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Камчыбек Ташиев окуу жайдын жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн актовый жана спорт залдары менен таанышып, балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал жатак-мектептин кызматкерлерин жана окуучуларын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан жаңы жылдык белектер жана 1 миллион сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлдү. Мындан тышкары, окуучулар конокторго майрамдык концерттик программа тартуулашты.

Адистештирилген жатак-мектептин жетекчилиги Камчыбек Ташиевге жана УКМКнын жалпы жамаатынакөрсөткөн камкордугу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17