МинКаб мурдагы аскердик сот кызматкерлеринин төлөмдөрүн төлөө тартибин бекитти
МинКаб Кыргызстандын аскердик сотторун жоюуга байланышкан маселелер тууралуу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул чечим мурда аскердик соттордо кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин социалдык укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Документке ылайык, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" мыйзамдын негизинде пенсия алган аскердик соттордун мурдагы кызматкерлеринин кызматтык айлык маяналары Коргоо министрлигинин тутумундагы тийиштүү кызмат орундарындагы айлык маяналарга теңештирилет.
Сөз финансылык-чарбалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, кеңсе кызматкерлери, сот отурумдарынын улук катчылары, айдоочулар жана башка кызматкерлер тууралуу болуп жатат. Алардын айлык маяналарын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлеринин тарифтик разряддарына жана кызматтык шайкеш келтирүү белгиленди – офицердик курамдан тартып, сержанттарга жана катардагы контракттык кызматтагы аскерлерге чейин.
Өзгөртүүлөрдү каржылоо жана иш жүзүндө ишке ашыруу Финансы министрлигине жана Коргоо министрлигине жүктөлдү.