Салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект киргизилеби?

Салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект киргизилеби?

Кыргызстанда 2026-жылдан тартып салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект (ЖИ) киргизилерин "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы төрт жылдын ичинде мекеме салык отчетторунун бардык түрлөрүн санариптештирип, cabinet.salyk.kg платформасы жана Salyk мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке киргизген.

2025-жылы иштеп чыгуучулар системага "Кезет" аттуу аналитикалык жасалма интеллект инструментин интеграциялашкан. Ал маалыматтарды иштетүүнүн тактыгын жогорулаткан. Ал эми 2026-жылы ЖИни колдонуу кеңейтилет — технология түздөн-түз салыктык текшерүүлөрдүн процессине киргизилет. Бул инспекторлордун ишин автоматташтырууга жана текшерүүлөрдү ачык-айкын жүргүзүүгө шарт түзөт.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда салык төлөө процесси аймактагы эң ыкчам болуп саналган.

2012–2023-жылдары салыктарды эсептөө процесси төлөөнүн өзүнө караганда жети эсе көп убакытты талап кылчу. Учурда бул айырма толугу менен жоюлду.

Мекеменин директору Шамшыбек Качкынбай уулу билдиргендей, "Салык Сервистин" негизги максаты — Салык кызматына кезекке турууну жана жеке барууларды жоюу болгон. Азыр жарандар декларация тапшырууда убакытты да, каражатты да үнөмдөп жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кыргызстан менен Өзбекстандын компаниялары 500 миң долларлык келишим түздү

Кечээ Ташкент шаарында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ата мекендик "Алайку Органикс" ЖЧКсы жана өзбекстандык "Alaiku" ЖЧКсы ортосунда 500 миң АКШ доллары суммасында экспорттук келишим түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, мындай келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Кара-Суудагы мектеп 37 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №100 Санабар Бахапова атындагы мектеп 37 жылдан кийин толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Учурда билим берүү мекемесинде 856 окуучу билим алууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айында мамлекеттик бюджеттен 63 млн сом бөлүнүп, мектепте капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда бардык иштер

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Тоң районундагы рейдде мыйзамсыз сакталган курал-жарактар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Рейддин жүрүшүндө Тоң жана Кажы-Сай айылдарында бир катар үйлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды. Тактап айтканда, Кажы-Сай айылынын 1980-жылы туулган

Бишкекте Ауэзов көчөсүндөгү күркө ээлерине демонтаж тууралуу эскертүү берилди

Бишкекте Ауэзов көчөсүндөгү күркө ээлерине демонтаж тууралуу эскертүү берилди

12-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Ауэзов көчөсүндө жеринде текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Мэриядан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө соода күркөлөрүнүн ээлерине жана сатуучуларга объекттерди демонтаж кылуу зарылдыгы тууралуу эскертүү берилди. Ишкерлерге соода жүргүзүү үчүн "Чынар" жана "Аламедин" базарларынан альтернативдүү соода