Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу кыйла аз
Быйыл Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияда суунун агымы аз болгону Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында айтылды.
Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,102 млрд куб метрди түзөт. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,631 млрд куб метрге аз.
Буга байланыштуу, адистер суунун аздыгынан электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү да төмөн болоорун айтышууда. Ошол себептүү, бекитилген лимитти кармоо зарылдыгы белгиленди. Бирок, анализ көрсөткөндөй, электр энергияга болгон лимиттер сакталбай жатат.