Маала башчыларына маяна чегерүү маселеси көтөрүлдү

Маала башчыларына маяна чегерүү маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарында кварталдык (маала башчысы) кызматкерлерди шайлоо жана аларга айлык белгилөө зарыл экенин шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын “шаарга кошулган жаңы аймактарды өнүктүрүү” маселелерине арналган жыйынында депутат Казыбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, кошулган райондор үчүнчү жылдан бери иштеп жатат.

"Мурда шайланган адамдар болгон, бирок алар активист катары иштеп келишкен, айлык албай. Райондор аларга таянган. Маала башчылык — бул элдин добушу, маала башчылар аркылуу маалымат МАБдарга, депутаттарга, акимиаттарга ж.б. жетет. Мындан өткөн жылдан бери шайлоо жана айлык маселесин чечүү керек эле. Алар дайыма коомдук негизде иштей бербейт д"», — деп нааразычылыгын билдирди Казыбек Эргешов.

Мэриянын өкүлдөрү учурда маала башчылык схемасы иштелип жатканын белгилешти. "Андан кийин шайлоо өткөрүп, айлык беребиз. Азыр негизги максат — схеманы бүтүрүү", — деди бир кызматкер.

Казыбек Эргешов депутаттар жакын арада жергиликтүү бюджетти кабыл алмакчы экенин эске салып, ишти тездетүү керектигин айтты.

"Сиздер маала башчылык үчүн арыз тапшыргансызбы? Эгер жок болсо, аларга кайрадан айлык берилбейт. Райондор ылайга батып калат. Аларды шайлоо жана финансылоо боюнча долбоорду бюджетке киргизүү тапшырмасын берүү керек", — деп жыйынтыктады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"