АКШ Арменияга 9 млрд доллар инвестиция убада кылды

АКШ Арменияга 9 млрд доллар инвестиция убада кылды

АКШ Арменияга энергетика тармагында Россияга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн 9 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция убада кылды. Вашингтон бул кадамды стратегиялык чечим жана Түштүк Кавказда өз позициясын бекемдөө аракети катары карап жатат деп жазат Bloomberg.

АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Ереван менен жарандык өзөктүк кызматташтык боюнча келишимге кол койду.

Бул документ америкалык компаниялардын Арменияга өзөктүк технологияларды, күйүүчү майды жана кызматтарды экспорттоосу үчүн укуктук негиз түзөт. Айрыкча, чакан модулдук реакторлорду жеткирүү тууралуу сөз болууда. Материалда белгиленгендей, бул америкалык компаниялар үчүн СССР мезгилинде курулган Армения АЭСин алмаштыруу боюнча келишимге катышуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Азыркы учурда Россиянын колдоосу менен анын иштөө мөөнөтүн 2036-жылга чейин узартуу даярдалып жатат, бирок өлкө бийлиги жаңы АЭС куруу мүмкүнчүлүгүн да карап жатат.

"Бул америкалык жана армян компанияларынын жарандык өзөктүк долбоорлор боюнча келишимдерди түзүүсүнө жол ачат. Бул АКШдан алгачкы этапта 5 млрд долларга чейинки экспортту, ошондой эле күйүүчү май жана техникалык келишимдер аркылуу кошумча 4 млрд долларлык узак мөөнөттүү колдоону билдирет", — деди Джей Вэнс Еревандагы брифингде.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул келишим Армения менен АКШнын энергетикалык өнөктөштүгүндө "жаңы барак ачарын" жана өлкөнүн энергетикалык ресурстарын диверсификациялоого өбөлгө түзөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"