Алма көчөттөрүнөн кантип мол түшүм алса болот?

Алма көчөттөрүнөн кантип мол түшүм алса болот?

Бүгүн Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин багбанчылык боюнча адиси Нурубек Малабаев М9 карлик көчөтүнүн тамырына уланган алма көчөттөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Карлик көчөт тамырлары интенсивдүү багбанчылык үчүн колдонулат, бирок мындай бактарды 1 гектарга отургузууда чыгымдар бир топ жогору болот. Ошондуктан, эгер 4–5 гектар аянтка бак отургузууну пландасаңыздар, М9 тамырын колдонсоңор ылайыктуу.

Бул тамыр системасы терең кетпейт, орточо 60–80 сантиметрге чейин гана өсөт жана тамыры назик (морт) болот. Ошондуктан көчөттөрдү сөзсүз түрдө шпалерага бекем байлап, италиялык кыйгач пальмета формасында калыптандыруу керек. Ушундай агротехниканы туура колдонгондо, 1 гектар аянттан 90–100 тоннага чейин түшүм алууга мүмкүнчүлүк бар.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти болсо жарым карлик тамыр болгон ММ-106ны колдонууну сунуштайт. Бул көчот тамырында Галавал, Пинк Леди, Джеромини сыяктуу сорттор жакшы өсөт. Бул сорттор келечектүү болуп, мол жана сапаттуу түшүм берүүгө жөндөмдүү.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media