Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 100 өлкөдөн коноктор келет
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 өлкөдөн келген коноктор катышарын журналисттер менен болгон жолугушууда Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, оюндардын ачылыш аземи Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы "Бишкек-Аренада" өтөт. Ал эми негизги иш-чаралар Ысык-Көл облусундагы бир катар маданий объектилерде уюштурулат.
"Биз дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө даярданып жатабыз. Негизги максатыбыз — дүйнөгө кыргыз элинин маданиятын, көчмөн цивилизациясынын мурасын таанытуу. Бул маанилүү иш-чараны өткөрүүдө жалпы улуттук биримдикти камсыз кылуу үчүн ЖМКларды активдүү кызматташууга чакырабыз", — деп белгиледи министр.
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов да Кыргызстанга 56 өлкөдөн 500дөн ашуун чет элдик журналист келет деп күтүлүп жатканын кошумчалады.
"Мурунку оюндарда иш-чараны чагылдырууга 600 журналист катышкан. Бул жолу да алардын саны ушундай же андан да көп болушу мүмкүн. Биздин максат — келген меймандарды татыктуу тосуп алуу үчүн бардык шарттарды түзүү жана кыргыз элин бириктирүү", — деди ал.