Президент УКМК жетекчиси эмнеге кызматтан алынганын билдирди
Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча үн катты.
“Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мындай чечимди президент мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алган.
“Бул чечим эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынды”, - деп президенттин сөзүн келтирди Аскат Алагөзов.