Президент УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан бошотту
Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыгы жарыяланды.
Камчыбек Ташиев Кыргызстандын УКМК төрагасы болуп 2020-жылдын 16-октябрында дайындалган. Бул жарлыкка ошол учурда 2020-жылдын 5–6-октябрындагы окуялардан кийин президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаров кол койгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалганын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн макулдашуу максатында Жогорку Кеңешке киргизилет.
Жумгалбек Шабданбеков 2020-жылдан бери УКМКнын 9-кызматынын начальниги жана төраганын орун басары кызматтарын аркалап келген.