Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда

Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда

Казакстандын “Байтерек” Улуттук башкаруу холдингинин башкармасынын төрагасы Рустам Карагойшин исламдык ипотеканы ишке киргизүү маселеси учурда каралып жатканын Tengrinews.kz маалымат булагына билдирген.  

Карагойшиндин айтымында, жергиликтүү жарандардан мындай «каржылык чечимдерге» суроо-талап көп түшүп жатат. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү  киргизүү азырынча эл аралык институттар менен биргеликте изилденүүдө.

“Белгилүү болгондой, биздин түзүмдө Отбасы банк түздөн-түз калк менен иштеген сейрек туунду уюмдардын бири. Калктын басымдуу бөлүгү белгилүү диний эрежелерди карманат. Ошондуктан мындай өтүнүчтөр келип жатат. Азыр бул багытта бир нече эл аралык институттар менен меморандумдарга кол койдук. Бирок так мөөнөттөр азырынча анык эмес”, - деп билдирди Карагойшин.
💡
Маалымат үчүн: Исламдык ипотека - турак жайды сатып алуунун шариат нормаларына ылайык келген ыкмасы. Бул система пайыздарды эсептөөгө тыюу салат. Классикалык кредиттин ордуна башка схема колдонулат. Мисалы, банк өзү үйдү сатып алып, кардарга үстөк менен бөлүп төлөө шартында сатат же турак жайды кардар менен биргелешип сатып алып, кийин үлүшүн акырындап өткөрүп берет.

“Байтерек” холдингинин төрагасы белгилегендей, азыр механизм изилденүү стадиясында жана исламдык ипотеканы ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөттөрүн айтууга эрте. Себеби Отбасы банктын азыркы модели негизинен топтоо системасына негизделген.

“Биз мындай кызмат сөзсүз ишке киргизилет деп айта албайбыз. Себеби Отбасы банктын системасынын негизги модели мамлекеттик программадан сырткары топтоо механизмине негизделген. Эгер биз исламдык ипотека тууралуу айта турган болсок, ал топтоо системасынан бир аз айырмаланат. Биз колдонгон топтоо системасы, немецтердикине окшош. Ошондуктан биз азыр изилдеп чыгып, андан кийин гана чечим кабыл алабыз”, - деп жыйынтыктады төрага.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт