Жашылча-жемиш ширесине техникалык регламент өзгөртүлүшү мүмкүн
Экономика жана коммерция министрлиги жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына байланыштуу техникалык регламент боюнча чечимдин долбоору коомдук талкууга коюлганын билдирди.
Маалыматка ылайык, документ Бажы бирлигинин "Жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына техникалык регламенти" (БС ТР 023/2011) талаптарын аткарууну камсыз кылган стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Долбоор эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттарды, ал эми алар жок болгон учурда улуттук стандарттарды колдонуу маселелерин камтыйт. Ошондой эле документте техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо үчүн үлгүлөрдү тандоо, сыноо жана өлчөө ыкмалары боюнча талаптар көрсөтүлгөн.
Чечимдин долбоору Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтында жайгаштырылган. Аны төмөнкү шилтеме аркылуу көрүүгө болот:
https://regulation.eaeunion.org/pd/3361/
Долбоорду коомдук талкуулоо 2026-жылдын 12-февралында башталган. Талкуу 2026-жылдын 29-мартыначейин уланат.