Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов
Кыргызстанда акыркы жылдарда мамлекеттин, эл аралык уюмдардын көмөгү менен сапаттуу, мол түшүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө өткөндөр көбөйдү.
20 жылдан ашык дыйканчылык менен алектенип, 2023-жылдан тарта голландиялык картошканын түшүмдүү, сапаттуу супер элита сортун айдап, гектарынан 45 тоннадан үрөндүк элита сортун өндүрүп жаткан фермер, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Алтынбек Айбашов тажрыйбалары менен бөлүштү.
“Негизи Ат-Башы районунун дыйкандары көп жылдар бою кадимки пикассо сортундагы картошканы айдап, агротехнология боюнча жеткиликтүү илим албагандыктан аз түшүм алып келгенбиз. 2023-жылы “Агролид” компаниясынын жетекчиси Гүлназ Касеева айым биздин районго Голландия мамлекетинин картошкасынын супер элита сортун алып келип калды. Эже көп жылдардан бери Голландия фермерлери менен тыгыз кызматташып, алар менен жакшы мамиледе болуп калгандыктан аларга Ат-Башы районуна эксперимент катары супер элита сортун айдап көрүүнү сунуштаган экен. “Агролид” компаниясын жакшы тааныган үчүн алар макул болушуп Гүлназ эжеге супер элита картошкасын Кыргызстанга эгүүгө уруксат беришиптир. Ага чейин Голландиядан чет өлкөлөргө элита сорту гана чыкчу экен. Анын үстүнө ал Гүлназ айым голландиялык элита сортунун 1 килограммы азыркы күндө Кыргызстанда 170 сомго чейин чыгып кеткендиктен аны көбөйтүп, баасын түшүрүүнү да максат кылыптыр.
Ошентип ошол жылы ал киши менен 3 жылдык долбоор катары супер элита картошкаларын өндүрүүнү макулдаштык. 65 күндө быша турган коломбо, 85 күндүк камелия, анан алардан кечирээк бышкан пердиз менен сильвана сортторун айдап, райондо биринчи жолу тамчылатып сугаруу системасын колдондук”-дейт фермер.


Ал жылы жазгы эгүү учурунда, жайкы дарылоо мезгилинде, күзгү түшүм жыйноо убагында голландиялык эксперттер окууларды өткөрүшүп, практика жүзүндө да фермерге бир топ тажрыйбаларын бөлүшкөн. Жыйынтыгында фермер гектарынан 45 тонна түшүм алган.
“Биздин жергиликтүү элита картошкабыз сапаты жагынан Голландиянын элитасынан да өтүп кетти. Былтыр талаа күнүндө Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин директору Бакыт Мамбетов, Голландиянын Орто Азиядагы өкүлү Виктор Астахов жана Голландия өлкөсүнүн эксперттери да келишкен. Алар Голландиядан алынып келген элита менен жергиликтүү элитаны салыштырып көрүшүп, сапатына жогорку баа беришип, аны кайда, кантип сактаганыбызга кызыгышты. Ичине кыдырата таш тизилип жасалган 100 тонналык, табийгый орообузду көрсөтсөк абдан таң калышты”, - дейт фермер.
Фермер аталган районго 2024-жылы 1 гектар жерге жогорку сорттогу голландиялык картошка айдалса, 2025-жылы аны 7 гектар 70 сотыхка көбөйтүп, гектарынан 45 тоннадан түшүм алышканын айтат.


“Негизи картошканы айдарда топуракка анализ жүргүзүп, агрономдун кеңеши менен отургузган туура болот экен. Анткени, бир жерде фосфор, бир жерде калий же азот кем болуп калышы мүмкүн. Эл өзү билгендей картошка эгип, жакшы түшүм ала албагандыктан жана аз түшүм өзүн-өзү актабагандыктан 2020-жылдан кийин Ача-Кайыңды айылынын эли көп айдабай калышкан. Эки-үч жылдан бери окууларды өткөрүп, айылдыктардын картошкага болгон мамилесин өзгөрттүк. Болбосо мурда биздин айылда эле 450гө жакын гектар жерге картошка айдалчу”,- дейт фермер.
Кыргызстанда дүйнөлүк стандартка жооп берген, өсүмдүк ооруларын так аныктай турган лаборатория жок болгондуктан фермер өндүрүлгөн голландия картошкасынын элита сортун Россияга алып барып текшертип келген. Ал жактан картошканын анализи жакшы чыгып келгенин көргөн Өзбекстан мамлекетинин эл аралык эксперти 2024-жылы өндүрүлгөн 40 тоннаны Өзбекстанга алып кеткиси келгенин айтат фермер.
“Мен ага болбой, биздин дыйкандар көбөйтсүн деп 2025-жылы түшүмдү Ат-Башы ичине эле саттырттым. Быйыл Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынан, Кочкор районунан буйрутма алып ал жактарга сата баштадык. Казакстандын Тараз шаарына атайын буйрутма менен 51 тоннага саттык. Азыр биз өндүргөн жергиликтүү элитанын килограммы 95 сом. Ушул эле картошканы сырттан алып келип 170-180 сомдон сатып жатышат. Мен жергиликтүү дыйкандарга “Сырттан келген үрөн адаптация болгуча жакшы түшүм бербейт, бизден жергиликтүү элитаны арзаныраак алгыла, күйбөйсүңөр” деп кеңеш берип жатам. Былтыр бизден үрөн алган таластык Артем деген дыйкан камелиядан гектарынан 71 тонна, коломбодон 62 тонна картошка алды”, - дейт фермер.

А.Айбашов кыргызстандыктар картошканы эгүүдө, багууда жана сактоодо да көп катачылыктарды кетиришерин акыркы 3 жылда жакшы түшүнгөнүн жашырган жок.
“Биз буга чейин ороолорду фумизация (дарылоо) кылбай, анын үстүнө картошканы күндүз казып ороого сала берчү экенбиз. Көрсө күндүз казылган картошка күндүн жылуулугун тартып алат экен дагы, ороого киргенде өнүп, чирийт экен. Ошондуктан аны кеч күүгүмдөн тарта таң аткыча ороого салган туура болот экен. Себеби, салкында муздаган картошка өнбөй, чирибей, дарыланган жайда жакшы сакталат экен”, - дейт А.Айбашов.
Фермердин айтымында, Голландия өлкөсүнүн эксперттери Ача-Кайыңдыдагы картошка талаасынын ортосуна зыянкечтерди кармоочу атайын жабдыктарды орнотушуп, андагы суюктукту лабораториядан өткөрүшкөндө Ат-Башы өрөөнүндө өсүмдүк мителери(тля) жок экени аныкталган.

“Ат-Башы, Чоң-Алай району салкын болгондуктан картошканын мекени экен. Болгону биз жерди маал-маалы менен алмаштырып, сапаттуу үрөндү заманбап агротехнология менен айдасак натыйжасы абдан жакшы болгудай. Анда тоолуу аймактарыбыз өзүнүн бренд картошка үрөнү менен эле байыйт. Болгону биз менде эле эмес, элде да болсун дешибиз керек”, -дейт ал ишенимдүү.
Фермер 2024-жылы Голландия мамлекетинин картошкасынын 4 сортун айдаса, азыр челенджер, рашида сорттору кошулуп 6 түрлүү сорт болуптур.
“Челенджер бул картошка фрисин чыгаруучу сорт экен. Буюрса, быйылтан тарта эрте бышкан 2 сорт, кеч бышкан 2 сорт менен гана иштейли деп жатабыз. Бул жылы биздин “Курманбек Ата” үрөн чарба кооперативи жалпы 25 гектар жерге картошка отургузалы деп максат кылып жатабыз. Биздин негизги максат элди арзан элита үрөнү менен камсыз кылып, сырттан келген үрөн агымын азайтуу. Себеби, 1 гектар жерге азыр 3,5 тонна үрөн кетет. Аны 170 сомдон эсептесек 595 миң сом болот экен. А бизден алса 332 миң сом болот. Ошондо жергиликтүү дыйкан 263 миң сом үнөмдөө менен бирге мол түшүм алат”,-дейт үзүрлүү эмгегинин аркасында Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги уюштурган “Агродиалог-2026” форумунда “Чемпион фермер” сертификатын алган дыйкан.

Азыр жергиликтүү картошка сортунан гектарынан ашып кетсе 10-15 тонна түшүм алууга болот. Демек, ат-башылык дыйкандын тажрыйбасын бүткүл Кыргызстанга жайылтуу менен картошка эккен дыйкандардын кирешесин 3 эсеге көбөйтүп, өлкө картошкасын дүйнөлүк брендге айлантууга бизде толук мүмкүнчүлүк бар.