"Бишкек" ЭЭКинин экс-директору К.Тайчабаровдун иши Ленин райондук сотуна өттү

"Бишкек" ЭЭКинин экс-директору К.Тайчабаровдун иши Ленин райондук сотуна өттү

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнүн анын адвокаты болгон Памир Суранбаев “Азаттыкка” билдирди.

Кудрет Тайчабаров 2025-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазган. Боршайком “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен аны талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Мунун алдында социалдык тармактарда анын 2023-жылы УКМК атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Кудрет Тайчабаров БШКнын отурумунда сүрөттө чындап эле өзү экенин жана ал 2021-жылы тартылганын айткан. Ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы маселени чечүү үчүн Камчы Көлбаевден жардам сурап барганын жана бул “ишкерлердин кызыкчылыгы” үчүн болгонун билдирген.

Ички иштер министрлиги 2025-жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Адам бул берене менен күнөөлүү деп табылса мүлкү конфискацияланып, беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кийин тергөө учурунда Тайчабаровго коррупция жана алдамчылык боюнча дагы эки айып тагылган.

Бир катар гезиттерде журналист болуп иштеген Тайчабаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген.

Мындан тышкары окуңуз

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

Аламүдүндө мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилеринде пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүгө Байтик Баатыр айыл аймагынын №312, 314, 324 жана 326 контурларында бетон заводу курулуп жатканы тууралуу түшкөн маалымат негиз болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө бетон

Бишкекте 31 жаран 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн алды

Бишкекте 31 жаран 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн алды

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун(МКУ) Бишкек филиалы 31 жаранга ОСАГО жана КАСКО полистери боюнча жалпы 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Филиалдын директорунун орун басары Бактыбек Жунусовдун айтымында, мурда төлөмдөр бир ай ичинде каралса, уюм жетекчилигинин талабына ылайык, акыркы учурда 2 жуманын ичинде берилүүдө. "Бүгүн жарандар төлөм сертификаттарын

Жогорку Кеңеш бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди ратификациялады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу бир катар макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Атап айтканда, Кыргыз Республикасы Бенилюкс мамлекеттери, Словения, Оман Султанаты жана Мисир Араб Республикасы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялады. Бул келишимдер

"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө

"Дөөлөт курулуштун" объектилери Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын үлүш ээлеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Үлүш ээлеринин кайрылууларынан кийин компаниянын ишмердүүлүгү Президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Учурда “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин бүткөрүү үчүн аларды