С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

Өлкө президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында, кубанычтуу кабар менен бөлүштү. Президенттин айтымында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык.

Садыр Жапаровдун билдирүүсү:

"Бүгүн - Кыргызстан үчүн тарыхый күн! Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек.Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык. Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар. Мындан тышкары, улуттук документтерибиз: жалпы жарандык паспорт, ID-карт паспортторду, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун ж.б документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз. Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө бир нече мамлекеттердин буйрутмасын алып жатабыз. Колубузда сертификатыбыз тургандыктан, албетте, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болот. Башкача айтканда, документти жасалмалоого мүмкүн эмес. Ал эми баасы болсо жеткиликтүү болот"- деп билдирди мамлекет башчы С.Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт

Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү. Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкекте 7-класстын окуучусу Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын

Бишкек шаарында 7-класстын окуучусу, 14 жаштагы Давид Пузиков өзүнүн  Kyrgyz-C деп аталган Си программалоо тилинин кыргызча адаптациясын сунуштаганын "kaktusmedia" жазды. Автордун айтымында, бул долбоор англис тилин жетиштүү деңгээлде билбеген окуучулар үчүн программалоону үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Kyrgyz-C — бул Си тилинин негизги ачкыч сөздөрүн кыргызчага которуу менен, тилдин логикасын сактап

Бишкекте курулуш талаптарын бузган объектилерге эскертүү берилди

Бишкекте курулуш талаптарын бузган объектилерге эскертүү берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкектеги бир катар объектилерде техникалык коопсуздук жана курулуш талаптары толук сакталбаганы аныкталды. Алардын катарына Жибек-Жолу көчөсүндөгү 14 кабаттуу бизнес борбору, Турсунбаева көчөсүндөгү 10 кабаттуу турак үй

Кыргызстан жана Корея коррупцияга каршы биргелешип иш алып барат

Кыргызстан жана Корея коррупцияга каршы биргелешип иш алып барат

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М. Асаналиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды. Атап айтканда, коррупцияга каршы аракеттенүү, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын укуктарын коргоо жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн санариптештирүү маселелерине көңүл бурулду. Башкы