Кыргызстандын банктары накталай долларды миллиондоп алып келет, бирок аны Россияга мүшөктөп ташып жатышат - Улуттук банктын жетекчиси
Кыргызстандын коммерциялык банктары өлкөгө миллиондогон накталай доллар жана башка валюталарды алып келет, бирок алып-сатарлар аларды мүшөктөп Россияга алып кетүүдө. Бул тууралуу кечээ, 30-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди. Жыйында депутат Дастан Бекешев доллардын курсунун айынан банк тармагында жарандарга карата анча жакшы эмес абал түзүлүп жаткандыгына көңүл