Түркияда жабыр тарткан жарандары үчүн эсеп 88.5 млн сомго толукталды
Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 88.5 млн сомго толукталды. 2023-жылдын 2-мартына саат 09.00го ыкчам маалыматты Финансы министрлиги билдирди. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат. Банк: «Айыл Банк» ААК ИНН: 01803199710084