Кыргызстанда быйыл 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда
Кыргызстанда 2023-жылы 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди. Ошондой эле Үсөнбекова Кыргызстанда бизнес долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана потенциалдуу инвесторлордун кредиттик тобокелдигин азайтуу максатында Долбоордук кеңсе түзүлгөнүн белгиледи. «Бүгүнкү күндө Координациялык кеңеш 3 долбоорду, дагы