«Ош» аэропортунда 632 миң сомдук Elevit Pronatal контрабандасына бөгөт коюлду
«Ош» аэропортунда 2376 кассета (блистер) санында «Elevit Pronatal» дары каражттары табылган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымат боюнча, 2022-жылдын 30-ноябрында Стамбул-Ош рейси менен учуп келген 1993-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.А.Ж. бажылык тариздөөнү ырастоочу эч бир документтери жок 2376 кассета (блистер) санында «Elevit Pronatal» дары