Гранттар жана кредиттер
EIB транспорт тармагын өнүктүрүүсүнө 150 млн евро берет
Кыргызстандын транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоо үчүн жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн өкмөт менен Европа инвестициялык банкынын (EIB) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди. Кол коюу аземи Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча Биринчи Global Gateway инвесторлор форумунун алкагында болду.