Экономика
АКШ төрт кыргызстандык компанияга санкция киргизди – алар 2022-жылы негизделген
АКШ Кыргызстанда жайгашкан төрт компанияга санкция киргизди. Бул тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын сайтында жайгаштырылган. Такталгандай, Кыргызстанда жайгашкан компаниялар Россия Украинага толук масштабдуу кол салууну баштагандан бери электроника тетиктерин жана башка технологияларды көп экспорттогон. Ошентип, төмөнкү компанияларга санкциялар киргизилди: «РМ Дизайн и Девелопмент» ЖЧК,