Экономика
Нарында халал эт паркынын долбоору талкууланды
Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Алмаз Кайырбеков «Эт халал» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси менен тааныштырды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Такталгандай, адал продукциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малдарды бордоочу жайларды, малды союунун алдында ветеринардык текшерүүдөн өткөрүү