Бизнес
«Кепилдик фонд» менен Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы кызматташуу келишимине кол коюшту
14-июлда «Кепилдик фонду» ААК КРнын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Кепилдик жана продукцияны өнүктүрүү башкармалыгынын кичи бизнес бөлүмүнүн башкы адиси Турсунай Бадырова ишкерлерге кепилдик берүүнүн критерийлери жана механизмдери тууралуу айтып берди. Презентация бардык катышкандардын кызыгуусун жана