акыркы жаңылыктар

«Кыргызкоммерцбанкта» жаңы жетекчи дайындалды

Бизнес

«Кыргызкоммерцбанкта» жаңы жетекчи дайындалды

«Кыргызкоммерцбанктын» директорлор кеңешинде 2023-жылдын 10-мартында Айжан Мусина башкармалыктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп шайланган. Бул тууралуу бир жарым айдан кийин гана — 30-апрелде Кыргыз фондулук биржасынын билдирүүсүнөн белгилүү болду. Айжан Мусина – 1993-жылдан 2012-жылга чейин Казакстандын банктарында иштеген, андан кийин 2012-жылы БТА Банктын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

Кыргызстанда 1 305 күнөскана бар – Айыл чарба министрлиги

Кыргызстанда 1 305 күнөскана бар – Айыл чарба министрлиги

2023-жылдын I кварталына карата республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1305 даанага жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, алардын ээлеген аянты 175.6 га жерди түзөт. Күнөсканалар облустар боюнча төмөнкүдөй санда: * Чүй облусунда 98 даана (69.2 гектар); * Ысык-Көл облусунда 50 даана (2.4

Чет өлкөлөрдө 1.5 млн кыргызстандык эмгектенет

Коом

Чет өлкөлөрдө 1.5 млн кыргызстандык эмгектенет

Кыргызстандын 1,5 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт жана бул көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө. Бул тууралуу минкабдын жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды укуктук жактан колдоо, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери каралды.

Кыргызстан менен Түштүк Корея $27 млн өлчөмүндөгү долбоорун каржылоосун талкуулашты

Кыргызстан менен Түштүк Корея $27 млн өлчөмүндөгү долбоорун каржылоосун талкуулашты

КР Финансы министрлиги Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкы менен $27 млн өлчөмүндөгү «Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын ишин жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү талкуулады. Бул тууралуу министрлик билдирди. Эске салсак, жолугушуу Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин 56-жылдык жыйынында өттү.

«Гранд казино» кумаркананы иштетүү боюнча лицензиясын 85 млн сомго сатып алды

«Гранд казино» кумаркананы иштетүү боюнча лицензиясын 85 млн сомго сатып алды

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы кумаркана иштетүү боюнча биринчи лицензияны берди. Мекеме тактагандай, кумаркана иштетүү боюнча лицензияны «Гранд казино» сатып алды. Бюджетке 84 млн сом түштү.

Россиялык «Соколовский» банкы «Астрасенд» эл аралык акча которуу системасынын оператору болуп катталды

Бизнес

Россиялык «Соколовский» банкы «Астрасенд» эл аралык акча которуу системасынын оператору болуп катталды

КРнын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуу системасынын реестринде «Астрасенд» эл аралык акча которуу системасы каттоодон өттү. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, эл аралык акча которуулар системасынын оператору Коммерциялык банк «Соколовский» акционердик коому КР Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери – 1052250423.

Ош жана Жалал-Абаддын аэропортторунун ордуларына курулган батирлер ипотека аркылуу берилет

Коом

Ош жана Жалал-Абаддын аэропортторунун ордуларына курулган батирлер ипотека аркылуу берилет

Ош жана Жалал-Абаддын аэропортторунун ордуларына курулган батирлер ипотека аркылуу берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, президент Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Мамлекет башчысы жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты. Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана

Ош жана Жалал-Абаддын аэропортторунун ордуларына заманбап турак жай кичирайондору курулат

Ош жана Жалал-Абаддын аэропортторунун ордуларына заманбап турак жай кичирайондору курулат

Президент Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты. Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот.

Коммерциялык банктардын кирешеси I-чейректе 5.4 млрд сомду түздү

Бизнес

Коммерциялык банктардын кирешеси I-чейректе 5.4 млрд сомду түздү

Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2023-жылдын январь-март айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча 5 млрд 414 млн сомду түздү. Отчеттук мезгилде алынган таза кирешенин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик үч эсеге көп, ал учурда банктар 1 млрд 919 млн сом пайда алышкан. Эске салсак, бүтүндөй

Тышкы карызды тейлөөгө 3 айдын ичинде 9 млрд сом бөлүндү

Экономика

Тышкы карызды тейлөөгө 3 айдын ичинде 9 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын январь–март  айларында КР мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы+ички) бюджеттен  9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди. Бөлүнгөн каражаттын ичинен тышкы карызга 6.1 млрд сом сарпталган. Ички карызга 2.9 млрд сом. 2023-жылдын 1-кварталында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан (ГКВ жана ГКО) КРдин республикалык

2023-жылдын 3 айында бюджеттин кирешеси 66.7 млрд сомду түздү

2023-жылдын 3 айында бюджеттин кирешеси 66.7 млрд сомду түздү

2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 66.7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Такталгандай, план 9.7% ашыгы менен аткарылды. Кирешенин ичинде: * салыктык кирешелер – 53.8 млрд сом өлчөмүндө түшкөн. Такталган пландан 1.1%га ашыгы менен аткарылды; * салыктык эмес түшүулөр – 11 млрд

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө тоо туризмин өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Саясат

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө тоо туризмин өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Каракол шаарында тоо туризминин инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ал ошондой эле саатына 250 жүргүнчүнү кабыл ала турган «Каракол» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Мамлекет башчысына учурда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатканы боюнча маалымат берилди.