2023-жылдын башында Бажы кызматы коюлган планды 420 млн сомго ашык аткарды
2023-жылдын январь-февраль айларында Бажы кызматы 12.5 млрд сом төлөм чогулткан. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, январь айында план 330 млн сомго, февраль айында 90 млн сомго ашыкча аткарылган. 25-мартка карата 6.4 млрд сом (98%) жыйналды.